Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Рахат Аманованын “Кесепет” деген аңгемесинде башкы каармандагы ички конфликт сонун көрсөтүлүптүр. Ар бир кадамдын, чечимдин кесепети болот. Чоң атасынын буйругу менен сүйүүсүнөн баш тартууга аргасыз болгон, өз өмүрүнө, тагдырына көзөмөлдү колдон чыгарган Ал (аты жок), чыгарманын аягына чейин “эркиндикке” чыга албай кыйналды, “чоочун өмүрүнө” көнүп да кетпеди... Бир байкаганым - аңгемеде бир да адамдын аты аталбайт. Бул да бекеринен эмес - баш каармандын да бар-жогу, тирүү-өлүгү өзүнө кайдыгер өмүрү анын атын да атоого ашыкчадай көрсөтөт… анткени ушул сыяктуу ички конфликттин аты жок. Ал адам аттуунун баарына тааныш сезим... Кайталап угуңуздар. Ошого татыктуу чыгарма. Автор: Рахат Аманова Окуган: Төрөкул Дооров Сүрөт: Аман Асранкулов, “Жалгыздык”. Сүрөт Гапар Айтиев музейинин сайтынан алынды;