« Кара Чоро » Жаңы дастан 2024- жыл. Улукбек Токтоболот уулу.

Ассаламу алейкум урматтуу кыргыз журтчулугу. Бүгүн « Кара Чоро » дастаны Улукбек Токтоболот уулунун вариантында, назарыңыздарда. Дастанда Таластан чыккан Мукам баатыр ал кантип Кара Чоро атка конгондугу Жанан эл жерин калмактардан сактагандыгы тууралуу айтылат. Дастан кайсыл кылымда болгондугу белгисиз. Кыргыз калмак Те Манас атабыздын доорунан бери касташып жана чабышып келе жаткан эл болгонуна байланыштуу так кесе айтып берүү кыйын. Дастанда « Улуу Талас » « Кичи Талас » деген түшүнүк бар. « Улуу Талас » Бул Манас атабыз ордо кылган аймак, ал эми « Кичи Талас » болуп Таластын этегиндеги тегиз жайыктын баарысы эсептелген. Ал жердин көбү азыр кошуна элге өтүп кеткен. Дастан буга чейиң бирин- экин кишинин оозунда кана Санжыра катары айтылып келген болсо Улукбек дастанчы ырга түшүрүп, Обон жаратып 2024- жылдын 13- октябрында жалпы элге тартуулады. 1- Дастан УТРКнын Турсун Уралиев атындагы студиядан 7-8- октябрда жазылды. 2- Үн жаздырган Улан Солто уулу. 3- Колдонулган комуз. Уста Намазбек Уралиевдин комузу. 4- Дастандын сөзүн жазган. Улукбек Токтоболот уулу. 5- Дастандын обонун жазган. Улукбек Токтоболот уулу. 6- Дастанды аткарган. Улукбек Токтоболот уулу. Каналга колдоо жана ыраазычылык көрсөтөм десеңиздер Мбанк жана байланыш номурум 0220 34 15 70

Смотрите также