Электрохимия 5 ЛЕКЦИЯ. Электролиттердин эритмелери жөнүндө көз караш.

Электрохимия 5 ЛЕКЦИЯ. Электролиттер табияты боюнча ИОНОФОРЛОРжана ИОНОГЕНДИК деп экиге бөлүнөт. Молекуласы иондордон турган заттар ионофорлор деп аталат Мисалы, NaCl тузу Na+ жана Cl- иондорунан түзүлгөн кристалл. Ионофорлорго көпчүлүк туздар таандык. Ионофорлорду сууга салганда кристалдык торчодогу иондор, эриткичтин диполдору менен өз ара аракеттенип, гидратташкан иондор пайда болот. Эригенде иондорду пайда кылган заттар ИОНОГЕНДИК деп аталат. Мисалы, газ абалындагы хлордуу суутекти сууда эритсе күчтүү электролит туз кислотасынын эритмеси алынат. Бирок мында НСl молекуласы диссоциацияланбайт, суунун молекуласы менен реакцияга кирип, хлордуу суутектен протон суунун молекуласына өтүп ГИДРОКСОНИЙ ИОНУ пайда болот. Андан сырткары пайда болгон Н3O+ жана Сl- иондору суунун диполдору менен ион-диполдук өз ара аракеттенүүнүн негизинде гидратташкан (сольватташкан) иондорду пайда болот.

Смотрите также