Ош шаарынын башкы финансисти Эсептөө палатасынын аудиттик текшерүүсү боюнча түшүндүрмө берди

Эсептөө палатасы тарабынан аудитор Бадахшан Рыскулиевдин жетекчилиги астында Ош шаарынын 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, ошондой эле муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө шайкештик аудит жүргүзүлгөн. Эсептөө палатасы таркаткан маалыматка ылайык, жалпысынан аудиттин жүрүшүндө 5 млрд 658,9 млн сом суммада бузуулар жана финансылык кемчиликтер аныкталган. Ушул маселеге байланыштуу Ош шаардык мэриясынын каржы башкармалыгынын башчысы Каныбек Абдыкадыровдон Turmush маселесине түшүндүрмө берди.

Смотрите также