Саадат Жыргалбекова-Наристем. Жаңы клип 2022

Наристем (Текст) Шаңдуу, шайыр менин наристем, Ширинимсиң, менин периштем. Сагындым дейсиң наздана карап, Келгенде дайым мен иштен. Көрүнсө менин сага карааным, Жадырай түшөт маанайың. Жүрөктү эзип эркелеп дайым, Апа деп аяп калганың. Кайырма: Наристем, менин татынакай жыргалым, Сеңселген тал-тал сенин саамайың. Теңдешсиз бактыма жаралган таалайым, Наристем менин, наристем. Өзүңсүң менин дайым жайдарым, Бүркөлбөсүн эч кабагың. Өзгөлөр билбей менин сырымды, Билесиң өзүң ар дайым. Сен үчүн келет дайым иштегим, Турмуштан мен көптү издеймин. Жоругуң ойлорумду ыр кылмак, Карасам сырдуу быйтыңдап.

Смотрите также