Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
🔸 Бүгүн 1-июль күнү, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгында болуп, Увам каналынын жээгин кыдырды. 🔸 Рейддин жүрүшүндө каналдын корук аймагына курулуп калган турак үйлөрдү жана башка курулуштарды алып салуу, жээкти бошотуу боюнча жеринде тапшырма берилди. Ал эми шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгы тиешелүү белгилерди коюп, бузулуучу аймактарды тактап берди. 🔸 Мыйзамга ылайык, каналдардын суу корук аймагы эки тараптан 30 метрди түзүшү керек. Бирок бул талаптар сакталбай, суунун жээгине ар кандай курулуштар мыйзамсыз тургузулуп, каналдын үстү да тосулуп калган. Алардын баары иретке келтирилип, каналдын корук аймагын бошотуу иштери жүргүзүлөт. ___________________________ 📝 Маалыматтык камсыздоо бөлүмү #Ош_мэрия