Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Артисттер жана кызматкерлер Мамлекеттик цирктин директорун сынга алышты
Кыргызстандын А.Изибаев атындагы Мамлекеттик циркинде иштеген бир катар артисттер жана кызматкерлер АКИpress агенттигинин пресс-конференциясында учурдагы директор Светлана (Асланайым) Ашированын ишин сынга алышты. Светлана Аширова 2024-жылдын 23-октябрында директорлук кызматка дайындалган. Бул кызматка дайындалганга чейин ал ушул эле мекеменин көркөм жетекчиси болуп эмгектенген.