Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Мөөнөтү өткөн кремди коюп жүрө беришет. Косметологдун видеомаеги
Мөөнөтү өтүп кеткен кремдер териге жардам бере албайт. Бул тууралуу косметолог, диетолог-нутрициолог Динара Дакеева Sputnik Кыргызстан агенттигине курган маегинде айтты. Адис бир топ кыз-келиндер бир жыл мурун алган кремдерин ысырап болбосун деп мөөнөтү өтүп кетсе да колдонуп жүрө беришерин белгиледи. "Ошон үчүн ар бир кремдин мөөнөтүн караш керек. Ачкандан кийин 12 ай, алты ай деген жазуулар болот. Мындайча айтканда, кремди ачып, ага аба киргенден кийин анын сактоо мөөнөтү эсептелине баштайт. Ачкандан кийин сактоо мөөнөтү 12 ай болсо, андан кийин ал крем 100 пайызга иштеп бербейт", — деди Дакеева. Ошондой эле косметолог SPF креминдеги сандардын түшүндөрмөсүнө токтолду. Андагы 20 деген жазуу крем күндөн эки саатка коргой турганын билдирет, 30 болсо үч саат, 50 дегени беш саат коргойт. Дакеева аталган кремди туура койгондо бетти күндөн 100 пайызга чейин коргошу мүмкүндүгүн белгиледи. Ошол эле учурда ал тоналдык кремди туура колдонууну да түшүндүрдү.