Ат жалында шамалдай учуп. Улакчы кыз Сезимайдын тобокелдүү кызыгуусу

ПОДРОБНО
Кыйкырык... Сүрөөн... Ат туяктарынын дүбүрттөрү... Кең талаадагы билектүүлөрдүн бүйүр кызыткан кармашы. Аламан улактагы эрендердин арасында ат жалында шамалдай жүрүп, эркектер менен тең тайлаша улак талашкан эр жүрөк кыз Сезимайды көргөн көз, уккан кулак таң калат. 17 жаштагы балбан кыз Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Алтын-Булак айылында жашайт. Кичинесинен ат жалынында чоңоюп, үйүндөгүлөргө айтпай улактарга качып кетип, быйыл гана атасынын уруксаты менен аламан улактарга катыша баштаган.

Смотрите также