Кандын баасы - жандын баасынан кымбат | Ыдырыс Исаков

#ЫдырысИсаков, #КанБорбор Ошто кан маселеси курч турат. Ооруп барган адамга кан жок. Айрыкча кандын тромбо масса деген түрү Ошто эч качан даяр турбайт. А кандын баасы жылдан жылга кымбаттап жатат. Мисалы ак кан дарты менен ооругандарды даарылаган бөлүмдө кымбат канды сатып алалбаган адамдар тек гана көз жумуп кеткен учурлар бар. Анткени ара күндө кан сатып алууга 15-20 миң сомдон акча жана ондогон кан донорлорду табуу бардык эле адамдын колунан келе бербейт. Кыскасы кан борборлорун кескин реформалоо керек. Ансыз арабыз суюла берет. Жаш өмүрлөр кыйыла берет.

Смотрите также