"Малина отургузгандан кийин, келээрки жылы түшүм алууга болот" - Нургазы Сыдыков / Талас

Малина көп жылдык өсүмдүктөрдүн катарын толуктайт. Анын көчөтүн жазында жана күзүндө отургузууга болот. Сезон учурунда малинадан арбын киреше тапкан дыйкандардын катарында Таластын Бакай-Ата районундагы Маданият айылынын тургуну Нургазы Сыдыков да бар. Малина отургузулгандан кийин эле, кийинки жылы түшүмүн алууга болот деген каарманыбыз 2-3 жылдан кийин түшүмдүүлүгү бир канча эсе арбыйт күткөн эле. 40 сотка аянтка малина отургузуп, алектенгенине 4 жыл болгон Нургазы быйыл кирешени кабелтең алууга бел байлоодо. Айылдык фермер малинадан кыям, шире жасаса жана тоңдуруп коюп ооруганда ичсе абдан пайдалуу экендигин айтты. Келечекте өсүмдүктүн дагы башка түрлөрүнөн отургузуп, сатыкка чыгарсам деген ишкердин кыялын кабарчыбыз Салика Сариева көрүп келди. Биздин баракчаларга катталууга чакырабыз Facebook -   / utrkkg   Youtube (УТРК) -    / ktrkkgchannel   Instagram - https://www.instagram.com/utrk_live/?...
Телеграм -

Смотрите также