Дооронбек Садырбаевдин жубайы: "47 жыл бактылуу жашадык"
Доор инсаны Дооронбек Садырбаевди билбеген кыргыз жок болсо керек. Кыргыз дегенде жанын аябаган, көп кырдуу талант, кыйын саясатчы, кыргыздын чыгаан уулунун көз жумгандыгына туура 16 жыл болду. “Кыйын эркектин артында акылдуу аял турат” деген сөз бар эмеспи. Дооронбек агайыбыздын артында дагы дайыма колдоп, 47 жыл өмүр жолдош болгон Сонунбүбү Көлбаева учурда 81 жашта. Залкар инсан менен жашаган 47 жылдык өмүрүн баяндап, маек куруп берди.