"Жарым президентке" айланган Максим Бакиев

2005-жылкы Март ыңкылабынын 20 жылдыгына жана 2010-жылкы Апрель төңкөрүшүнүн 15 жылдыгына тушташ мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин Кыргызстанга келгени кабарланып, бийлик маалыматты төгүндөдү. Максим Бакиев атасынын бийлиги маалында бизнестерди тартып алууга жана ири долбоорлорду калкалоого аралашкан. Киши өлтүрүүлөргө жана коркутууларга да байланышы бар экени айтылып жүрөт. Соңунда чоң кызматка дайындалып, мамлекеттик башкарууда эң таасирдүү адамга айланган. Бул жана башка аракеттер Курманбек Бакиевдин бийликтен кетишине алып келген. Апрель окуясынан кийин алар өлкөдөн чыгып кетишкен жана аларга сыртынан өкүм чыккан. “Азаттык” радиосу бул ирет “Максим Бакиев ким болгон?” деген суроого жооп издеди. #бакиев #максим #кыргызстан #бийлик _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм -

Смотрите также