Гүлназ Бекбосун кызы – Ак жолтойлуу келин бол

Сөзү: Өмүркул Кулумбаев Обону: Камчыбек Жусупов Куп жарашып аппак жоолук баштагы, Жаңы келин босогону аттады. Кечээ эле ал секелек кыз эле Эч билбеген бир оюндан башканы. Бактылуу бол көшөгөңөр көгөрсүн, Бакыт конуп, бул үй кутка бөлөнсүн. Башка жерге бүлөө болуу оңойбу Бара-бара баардыгына көнөрсүң. Кандай ишке деле турса эпилдеп Эртен эле тилдүү чыкпа текилдеп Бир айтаарым баардыгына жеңил бол Кайнатаңа ак жолтойлуу келин бол Бир айтаарым баардыгына жеңил бол Кайненеңе ак жолтойлуу келин бол Бир айтаарым баардыгына жеңил бол Кайын журтка ак жолтойлуу келин бол

Смотрите также