"КЫЙБАСЫМ" Сөзү. Өмүркул Кулумбаев. Обону. Камчыбек Букалаев. Кенже Кубатованын аткаруусунда.

Айтпаймын башкага, айтпаймын, Ашыкмын анымдан кайтпаймын. Аны сен билсең да билбегин, Азаптуу мен көздү жаштайын. Кыйналбай сен өскүн гүл ачкын, Кымбаттуум солкулдак ак кайың. Кыйбасым сөзүмдү бир менин, Үшүсөм күн болуп бир көрүн. Соолусам жаз болуп бир кайрыл, Күйбөсөм тутантып үйлөгүн. Айланып бара албайм сүйгөнүм, Аман бол кай жерде жүрбөгүн. Түшүнсөң сыйласаң куштасаң, Түшүмө кирип жүр уктасам. Алымды бир эле сурап кой, Ажырап канаттан учпасам. Биз эми жолукпайт окшойбуз, Бүтөлгөн жолубуз капкачан. Бирок да билебиз өмүрдө, Бүтпөстүр сүйүүбүз эч качан.

Смотрите также