Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Кара-Суу районунун Ак-Жар айылында курулган 14 үйдүн тапшырыгын сыймыктануу менен кабыл алабыз.
«Муктаждарды колдоо» долбоорунун алкагында Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагындагы Ак-Жар айылында курулган 14 үйдүн тапшырыгын сыймыктануу менен кабыл алабыз. Ар бир үй 3 бөлмөлүү, анын ичинде конок бөлмө, ашкана, уктоочу бөлмө, коридор жана заман талабына ылайыктуу ванна жана душ бөлмөсү бар. Үйдүн курулушу нөлдөн башталып, бардык иштер демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ийгиликтүү аяктады. Үйдүн дубалдары, чатыры, ички ремонттору, эмеректери, асма шам-чырак, төшөктөр жана килемдер менен камсыз болду. Курулуш 2024-жылдын апрель айында башталып, 2024-жылдын декабрь айында толугу менен бүткөрүлдү. Ар бир үй ээлери үчүн ыңгайлуу жана уюттуу шарттар түзүлдү. Биз бул маанилүү ишти ишке ашырууда колдоо көрсөткөн бардык демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин колдооңуздар биздин ишибиздин маанилүүлүгүн арттырып, бул өзгөрүүлөрдү алып келүүгө мүмкүнчүлүк берди. Рахмат! Үйдүн курулушу үчүн жер Жоош айыл өкмөтү тарабынан берилип, анын толук бүтүүсү Элим барсынбы фонду тарабынан демөөрчүлөрдүн жардамы менен ишке ашырылды. Үйдүн башталышы Күмүшай айымдын колдоосу менен болду, ал эми калган иштерди аяктоодо «Ак ниет» соода түйүнүнүн эмгек жамааты, «Доскредо банк» Ош шаарындагы филиалы жана колу ачык, кайрымдуу жарандар өз салымдарын кошту. Бардык демөөрчүлөргө жана жардам көрсөткөндөргө чоң рахмат!