Салык кызматында иштөөнү кыялданасызбы?!

🔹Салык кызматында иштөөнү кыялданасызбы?! 🔹Анда сизде биздин катарга кошулуу мүмкүнчүлүгү бар! 🔹Салык кызматынын кадрдык резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыяланган. 🔹Сынакка катышуу үчүн талап кылынган документтерди тапшырып, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин компьютердик тестинен өтүү керек. 🔹Документтер 2024-жылдын 6-сентябрында саат 18:00гө чейин кабыл алынат. 🔹Белгилей кетсек, ушул жылдын жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү окуу жайын аяктагандыгы тууралуу баалары көрсөтүлгөн жана расмий мөөрү басылган маалымкаттарды тапшырса болот. 🔹Конкурс жөнүндө толук маалымат, керектүү документтердин жана талаптардын тизмеси, ошондой эле аларды тапшыруу үчүн даректер Салык кызматынын сайтындагы "Вакансиялар" бөлүмүндө жеткиликтүү.

Смотрите также