Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Жоогазын гүлүн өстүрүп, киреше тапкан айым | Баткен | Өнүгүүгө карай
Заман өнүккөн сайын калктын дүйнө таанымы да өзгөрүп, келечеке максаттуу көз караш менен карагандар да көбөйдү. Мисалы айрым азыр кыз келиндер жумуш жок деп отурбастан, социалдык тармактардан тигүүчүлүктү, дагы бири гүл өстүрүүнүн сырларын үйрөнүп, чакан бизнестерин өркүндөткөн айымдардын саны арбыды. Алардын катарында Кадамжай районун Марказ айылынын тургуну Айсулуу Жороева да бар. Кесиби боюнча орус тил мугалими агартуу тармагында болгону 3 жыл иштеп, учурда бала багуу өргүүдө жүргөн аракетчил айым, бекер отурбай үйүнүн бир бөлмөсүнө жоогазын гүлүн өстүрүүнү колго алган. Башында 20 миң сомдой каражат менен миң даана көчөт отургузуп, азыр эми кардары көбөйүп быйылкы жылга 5000 даана жоогазын гүлүн өстүрүп сатууга даярдык көрүүдө. #КТРК