Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
"АЛЫМКАН" Сөзү. Токтогул Сатылганов. Обону. Бектемир Эгинчиев. Мыскал Өмүрканованын аткаруусунда.
Атка бир салган дилдейсиң, Ачылган кызыл гүлдөйсүң. Бир күн оору,бир күн соо,Азабың тартсам билбейсиң. Бетегелүү майданым, Пейли жакшы жайдарым. Көлөкөлүү майданым, Көөнү жакшы жайдары м! Букардын тоосу бурулуш, Бурулуп учат улуу куш. Бурулуп мага келе кет, Муңдууга салбай кыйын иш. Кашкардын тоосу кайрылыш, Кайрылып учат улуу куш. Кайрылып мага келе кет, Карыпка салбай кыйын иш. Саркештеп сайган жоолугуң, Сарсанаа кылат жоругуң. Көккештеп тиккен жоолугуң, Көп санаа кылат жоругуң . Токтогул черткен жаш кыял,Тыңдасаң боло Алымкан. Ак шайы жоолук колго алып, Булгасаң боло Алымкан. Аз күнчөлүк өмүрдө, Жыргасаң боло Алымкан.