Гүлнур Сатылганова "Эне жөнүндө баллада"

"Эне жөнүндө баллада" Сөзү : Сагындык Өмүрбаевдики Обону : Аксуубай Атабаевдики Тамчыдай денедеги сүтүң менен, Талпынтып ак бешикке баккан энем. Нуруңа, мээримиңе магдыраткан, Маңдайда менин батпас күнүм белең. Түбөлүк түн күзөткөн канаттуудай, Уйкудан чолпон көзүн ачкан энем. Алдыңа ажал келип турса дагы, Мен үчүн жанды курман кылат элең. Кайырма: Асыл энем, таалайым сенсиң энем, Жыргалым сен, бакытым сен, Сүйүктүү менин энем. Шаңданган шоола болдуң бул жүзүмө, Асманда ай нурундай асыл энем. Көзүмдүн карегиндей бапестеген, Алтындай эмгегиңди неге теңейм? Кайырма:

Смотрите также