Кекти жеңген махабат. 🎧 [Аудио китеп ] 📜

Тойота маркасындагы машина ээн жолдо зуулдап кетип жатты. Улам арт жагында орундукта уктап жаткан он жети, он сегиздердеги кызга карап койот. Ал бейкапар уйкунун кучагында. Бул Гүлзана эле, эч нерседен капарсыз катуу уйкуда. Өз өмүрүндө эмне болуп жатканы менен иши жок, дүйнөдө ачуу-таттуу, арман-өксүк, кубаныч-бакыт баары бирдей адам баласын коштой үзөңгүлөш болоорунан кабары жок мемиреп жатат... Ырысбек балдар үйүндө өсүп мектепти аяктагандан кийин атасынын бир тууган иниси алып келип алган. Узун бойлуу, кабагы бийик, ар дайым бир калыпта жүргөн өспүрүмгө Жоробай интернаттан келгенден кийин бир кой сойуп коңшу-колоңун чакырды: – Туугандар, өзүңөр билесиңер Аалы агамды, кокустук болуп аялы экөө тең авариядан нават болду эле, эми иним чоңойуп калды, өзүнүн үйүнө ээ болсун деп алып келдим.

Смотрите также