Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
"Алтынбек өз эркиӊ менен колго түшүп бер. Бизге сенин өмүрүӊ керек" дейт бир тууганы Медер Итибаев
Учурда №50-түзөтүү колониясынан качып кеткен эки кылмышкер изделүүдө. Алардын бири - Итибаев Алтынбек. Ал "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү деп кармалган болчу. Издөөдө жүргөн Алтынбектин бир тууган агасы, "Император-Каган" массажынын негиздөөчүсү Медер Бишкек SUPER.KG порталына кайрылып, инисинен эч жакка качпай, кайтып келүүсүн суранды.