ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ - 2024 I ИЛГИЗ ШАМЫРЗАЕВ I ОШ ШААРЫ I №52 "КЫРГЫЗ-ТҮРК ДОСТУГУ" МЕКТЕП-ЛИЦЕЙИ

Урматтуу көрүүчү! Кичипейилдик үчүн бул видеону башка тааныштарыңыз же WhatsApp аркылуу тааныштарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз бизге чоң көмөк көрсөткөн болосз. Алдын ала бөлүшкөн адамдарга ыраазычылыгымды билдиремин. Саламатсыздарбы? Менин аты-жөнүм Илгиз Шамырзаев. Учурда ордолуу Ош шаарындагы №52 "Кыргыз-Түрк достугу" мектеп-лицейинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенемин. Жалпы педагогикалык стажым 5 жыл. 1993-жылдын 16-январында Бишкек шаарында төрөлгөнмүн. Ал эми 2001-2011-жылдар аралыгында Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Кош-Алмурут айылындагы №27 М.Сарыбаев атындагы орто мектепти аяктаганмын. 2011-2016-жылдар аралыгында Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинин Тарых-Филология факультетине кыргыз тили жана адабияты адистигине тапшырып, беш жыл аралыгында жогорку окуу жайын кызыл диплом менен аяктаганмын. Мындан сырткары "Түркүн суроолордун түрмөгү" аттуу интеллектуалдык-логикалык 5 китептин жана "Дил азыгы" аттуу эки тарбиялык аңгемелер китебинин авторумун. Ал эми жашоомдо 100 дөн ашуун Ардак грамота, грамота, диплом, сертификат жана ыраазычылык баракчалар, ар кандай наамдар жана кубоктордун ээсимин. Окуп чыкканыңыздар үчүн ар бириңиздерге терең ыраазычылыгымды билдиремин.

Смотрите также