Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
КАРА-ДӨБӨДӨ 30 ЖЫЛДАН АШЫК ТИРИЧИЛИК КЫЛГАН ҮЙ-БҮЛӨ
Кара-Дөбө жайлоосу — Кыргызстандын түштүгүндө, Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу тоолуу аймакта жайгашкан табигый кооз жайлоолордун бири. Жай келгенде бул өрөөн жанданып, боз үйлөр тигилип, көчмөн турмуш кайра башталат. Миңдеген мал-жандыктар тоо жайлоосуна чыгарылып, эл тиричилик менен алек болот. Алымбай ага — Кара-Дөбө жайлоосунда 1994-жылдан бери жашап, эмгектенип келет. Анын бул жайлоого келгенине өзүнүн бир тууган агалары себеп болгон. Каарманыбыз жайлоонун өзгөчө шарттарын белгилеп айтып берди. Анын айтымында, Кара-Дөбөдө ишмердүүлүк негизинен жай мезгилинде жанданып, эл боз үй же чатыр тигип, малын багып, тиричилигин улантат. Кара-Дөбө жайлоосунда айрым үй-бүлөлөр 30 жылдан ашык убакыттан бери үзгүлтүксүз тиричилик кылып келишет. Алардын жашоосу жайлоонун шарттарына толук ыңгайлашып калган. Эркингүл айым — ошол үй-бүлөлөрдүн бири. Жолдошу бал чогултуу менен алектенсе, ал өзү мал багып, сүт азыктарын даярдап, андан түшкөн киреше менен тиричилик кылат.