Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Кыргызстандын аймагынын Орус империясынын курамына кошулушу
19-кылымдын ортосунда Осмон, Британ, Француз империялары баш болгон Батыш коалициясынан Крым согушунда жеңилген Орус империясы Борбордук Азияга көз арта баштайт. Тарыхыбыздын бул мезгилин Орусиянын курамына "өз ыктыярыбыз менен кошулуу" деп окуп жүрдүк. Бирок, 19-кылымдын экинчи жарымында биздин чөлкөмдө аскердик кызмат өтөгөн орус императордук армиясынын 30 000 жоокерине "Орто Азияга жасалган ЖОРТУУЛДАР үчүн" деген күмүш жана коло медаль ыйгарылган. Кыргызстандын аймагынын Орус Империясынын курамына "ыктыярдуу кошулуусу" чындыгында кандай болгону тууралуу тарыхчы Рыскул Жолдошов Эсимде телеберүүсүндө д айтып берет.