"Азия ТВ" жаңылыктары (06.11.2025-ж)

Президент Садыр Жапаров 4–5-ноябрь күндөрү Египет Араб Республикасына расмий сапар менен барып келди. Каир шаарында ал Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен жолугуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар кыргыз-мисир кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрүү жана саясий, экономикалык, инвестициялык байланыштарды өркүндөтүү боюнча макулдашты. Ошондой эле Садыр Жапаров Египет парламентинин Өкүлдөр палатасынын төрагасы Ханафи Али Жебали менен жолугуп, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо маселесин талкуулады. Каирде президенттердин, премьер-министр Мустафа Мадбулинин жана ишкерлердин катышуусунда биринчи кыргыз-мисир бизнес-форуму өтүп, тараптар кызматташтыктын жаңы багыттарын талкуулап, бир катар келечектүү долбоорлор боюнча пикир алышты. Сапардын жыйынтыгында эки өлкө ортосунда 8 эки тараптуу документке кол коюлду. Маданий программа алкагында Садыр Жапаров Гиза пирамидаларына жана Чоң Египет музейине барды. Египетке болгон сапарын аяктагандан кийин, 5-ноябрда президент Вашингтонго жол тартты. Бишкекте "Рулда" рейди учурунда бир түндө 1 168 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен: мас абалда унаа башкарган 37 айдоочу; тиешелүү документи жок унаа башкарган 40 айдоочу; ар кандай жол эрежелерин бузуулар үчүн 368 унаа айып короого токтотулган. Белгиленгендей, профилактикалык рейд күн сайын өткөрүлүп, жол кырсыктарынын алдын алуу жана коомдук тартипти камсыздоо максатын көздөйт. Бүгүн, 5-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барды. УКМКдан маалымдашкандай, анда борбордун дарыгерлеринин мурда айтылган өтүнүчтөрүнө ылайык, эндоскопиялык ультраүн изилдөө аппараты жана УДИ аппараттарынан турган алты комплект заманбап медициналык жабдуулар берилди. Аталган жабдууларды сатып алууга президенттин стабилдештирүү фондунан 35 млн 100 миң сом бөлүнгөн. Борбордун дарыгерлери менен жолугушууда Камчыбек Ташиев жакында дагы башка кошумча медициналык жабдуулар сатып алынарын убада кылды. Дарыгерлер борбор үчүн 180 орундуу унаа токтотуучу жай куруп берүүнү, ошондой эле бир кызматтык унаа тапшырууну суранышты. Камчыбек Ташиев борбордун ар бир бөлүмүнө жалпы 10 кызматтык унаа берилерин айтты. Ошондой эле ал борбордун бейтаптары жана дарыгерлери үчүн бардык зарыл шарттар менен жабдылган заманбап унаа токтотуучу жай тез арада куруп берилерин белгиледи. Босния жана Герцеговинанын Тузла шаарындагы карылар үйүндөгү өрттөн он бир адам каза болуп, 38 адам жаракат алды. Бул тууралуу Интерфакс жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалыматына таянып жазды. Анда белгиленгендей, өрт кечинде Тузладагы карылар үйүндө чыккан. Тилсиз жоону өчүрүүгө Сребреник, Живинице, Лукавац жана Калесия шаарларынан өрт өчүрүүчүлөр да жардамга келишкен. Ооруканага жаткырылган жаракат алгандардын төртөөсүнүн абалы оор бойдон калууда. Өрттүн так себеби азырынча белгисиз экени, экспертиза жүргүзүлүп жатканы айтылды. Чаткал районунун Жаңы-Базар, Курулуш, Ак-Таш айылдарынын таза суу маселесин чечүү максатында долбоордук-сметалык документтер даярдалып, мамлекеттик экспертизадан өткөрүлдү. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, учурда курулуш иштерин баштоо боюнча тендерге берүү процесси жүрүп жатат.

Смотрите также