Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Баткен окуясына 26 жыл | Түп | ТҮППРЕСС| 24 октябрь 2025 жыл
1999-2000 жылдары өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн бекемдиги сыналып, диний экстремисттик топтун кол салуусуна кабылган. Ата-мекен үчүн согуш, жалпысынан 76 адамдын, анын ичинен 46 аскер кызматкеринин өмүрүн алган. Быйыл каргашалуу окуя болгонуна 26 жыл толду. 24 октябрьда Түп айылында маркумдардын жаркын элесин эскерип, эстелик алдында Түп районунун акими Тимур Мадияров, согушта курман болгон жоокерлердин жакындары, Баткен окуясынын ардагерлери, Каркыра айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Черикбаев, Түп районунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Мирбек Баркалбасов жана Абдыкасым Карымшаков атындагы орто билим берүү мектебинин окуучулары, айыл тургундары чогулушту. Иш-чарада маркумдарга багышталып Куран окулуп, гүлчамбарлар коюлду, маркумдардын жакындарына райондук мамлекеттик администрациясынын атынан акчалай жардам тапшырылды. Канча кылым өтсө да алардын эрдиги унутулбайт. Албетте , энеге баласын, туугандарына бир туугандын ордун толуктай алчу адам табылбас. Бүгүнкү ачык асман, тынчтык ошол курман болгон жоокерлердин бизге калтырып кеткен мурасы.