Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Буга чейинки видеосабактарда өтүлгөн англис тилиндеги суроолуу сөздөр деген аталыштагы теманын уландысы. Атайын берилүүчү суроолор Special questions боюнча мисалдар, көнүгүүлөр аткарылат. Атайын суроолор –бул кошумча маалыматты, атайын жоопту талап кылуучу суроолор. Алар дайыма суроолуу сөздөр менен башталып, грамматикалык өзгөчөлүккө ээ жана жардамчы этиштердин алдына келет. Мындай суроолордун түрү англис тилинде абдан кеңири колдонулгандыгы менен айырмаланат. what, which, where, when, who, why, how, how long, how much/ how many, whose, whom жана башка суроолуу сөздөр атайын суроолуу сүйлөмдүн эң негизги элементи болуп саналат.