Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Эми Нарын шаарындагы троллейбусс каттамы толугу менен токтотулду. Белгилей кетсек бир жылдан бери анын линияларынын бузулушу менен троллейбустар каттабай турган. Аны кайрадан ишке киргизүүгө мүмкун болгон эмес. Оңдоого жана линияларды жаңыртууга бир топ каражат керектелгендиктен, Нарын шаардык кеңешинин депутаттарынын 7 сессиясында троллейбус линияларын алуу жана анын ордуна 10 автобус алып келүү чечимин чыгарышты.