ЧҮЙ ОБЛУСУНУН ОРТО-АРЫК АЙЫЛЫНА ТАЗА СУУ БЕРИЛДИ

Чүй облусунун Орто-Арык айылына таза суу берилип, жергиликтүүлөр кубанып турушат. Анткени айылда көп жылдардан бери суу көйгөйү чечилбей, атүгүл акыркы жылдары абал начарлап кеткен. Бул маселени чечүү үчүн айыл тургундары демилге көтөрүп, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан бери суу сактагычты тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Бирок каражаттын жоктугунан иш токтоп калган. Айыл өкмөт тарабынан 1 миллион сомдон ашык каражатка долбоор жазылып колдоо тапкан соң, иш уланып, бүгүн мынтип таза суу берилип олтурат. Кененирээк кийинки материалда. #жаңылыктар #пирамидатв #тазасуу #кыргызстан

Смотрите также