Бир ырдын баяны: "Таң чолпонум"

Болот Алаковдун сөзүнө жазылган Эсенбек Мааданбековдун "Таң чолпонум" деген ырынын тарыхы. #бирырдынбаяны #бирырдынтарыхы #болоталаков #эсенбекмааданбеков #каныкейраймалиева #таңчолпонум "Таң чолпонум" Сагынып дайым сени издеп келем, Таң чолпонум, бет алдымдан чыга келсең. Тоо койнунан издеп жүрүп терип келген, Гүлдестени белек кылып өзүңө берсем. Элесиң эске түшсө ошол замат, Жүрөгүмө махабаттын нуру тамат. Көк мейкинде нурун чачкан Чолпон жылдыз, Көз карашың түбөлүккө эсимде калат. Ардагым, алыстадың менден эми, Саамайыңдан сылай берсин таңдын жели. Элим үчүн талыкпастан эмгектенип, Ар убакта үмүт үзбөй күтөмүн сени.

Смотрите также