Казакбай Абдышев | Кыргыз кызы Эсенбүбү | аудио китеп

Жазуучу Казакбай Абдышевдин “Кыргыз кызы Эсенбүбү” аңгемесинде онду бүтүп айылда иштеп жаткан жаш уландын мектептин сегизинчи-тогузунчу классында окуган сулуу кызын сүйүп калышы, кызды бирөө зордоп ала качып кетиши, элүү жыл өткөндөн кийинки экөөнүн жолугушуусу, алардын махабатынын ошол бир кездегидей эле өчпөй жүргөнү көрсөтүлгөн. Китептин аннотациясында ушул кыска маалымат жазылыптыр. Бирок аңгемеде окуянын өнүгүшү окурманды таң калтырбай койбойт. Мага ушунусу жакты: окуя кудум сен күткөндөй уланып бараткандай эле болот дагы, бирок таптакыр күтүүсүз финалга алып чыга калат. Ишенбесеңиз угуп көрүңүз. Автор: Казакбай Абдышев Окуган: Төрөкул Дооров Сүрөт: Давид Флекман. Сүрөт Гапар Айтиев атындагы музейдин сайтынан алдында.

Смотрите также