Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев үч эмдин ата-энесине убадалаган 100 чарчы метр болгон үч бөлмөлүү батирдин документин тапшырды. Балдардын энеси Исаева Рахат Ош шаарынын тургуну. Жалпы 6 баласы бар, 5 уул 1 кыз. Үч эмди 2022-жылы жарык дүйнөгө алып келген. Учурда балдар 3 жашта. Аларга Алмаз, Аслан, Агнар аттуу ысым ыйгарышкан.