Арзуунун гимни - "Жамгыр төктү". Түгөлбай Казаков

ЖАМГЫР ТӨКТҮ автордун аткаруусунда Жамгыр төктү эч басылбай, Биз келаттык көл-шал болуп. Жол кароого көз ачырбай, Бет алдымдан шамал согуп. Кайырма: Күн күркүрөп жамгыр төктү. Ошол күнүм кайда кетти? Жаштыгымдай же кечээги, Кайрылбай кетеби? Жамгыр төктү эске түштүң, Алыс калган жаштыгымдай. Сагынтасың жүрөктү эзип, Колдон учкан ак куумдай. Кайырма: Жылдар учат канаттуудай, Жамгыр төгөт эч басылбай. Жамгырларда эске түшөт, Туңгуч сүйүү унутулбай

Смотрите также