Даңктоо ыр | Теңир, Сенден артык ким бар...

Күн сайын мен сеземин улуулугун Кызарып күндүн батканынан Агарып аткан таңынан Улуу Кудайым Жараттын бүткүл ааламды Керемет жаратылган бул дүйнө Кылымдар өтсө дагы бузулбайт мыйзамы Кайырма: Теңир Сенден артык ким бар? Сендей ыйык ким бар? Жараткан асманды жерди бир Өзүң. Теңир Сенден улуу ким бар? Сенден ыйык ким бар? Башыбызды ийип Сага, таазим этебиз. Ыйык сөзүң тынчтандырат жан дүйнөмдү, Теңирим даңазалайм Сени, Ыйык ысымыңды Ыйса. Акырын назик, чертесиң жүрөк кылдарын, Биз үчүн даярдалган асманга, Кыйынчылык болсо да, жетелейт күчтүү колуң.. Өмүр Кербени радиосу социалдык тармактарда! Инстаграм:   / omurkerbeni   Фейсбук:   / radio.omurkerbeni   Катталууну жана оюңузду жазууну унутпаңыз!

Смотрите также