"ЖАШТАРГА" Сөзү. Шекербек Шеркулов. Обону. Атай Огонбаев. Шекербек Шеркуловдун аткаруусунда.

Булбулдар сүйөт гүлдөрдү, Муңайым добуш үндөрдү. Жаштарга арнап чыгарган, Муңду ачкан жыргал күндөрдү. Ойноп күлгөн күнөөбү? Ойнобой жаштар жүрөбү. Оюнда сырын айтсам деп, Жаштын ошондо болот тилеги. Жаштыкты кандай ойлойсуң , Сен,алтын жаш суусардай жойлойсуң. Жакындап чалма саларда, Жазгы тайдай ойнойсуң. Айраны кенен,кымыз мол, Малдуу, дандуу жерибиз. Жигити шайыр,кызы алтын, Кымбаттуу кыргыз элибиз.

Смотрите также