КӨПӨЛӨК | 2015 | Режиссер - Сүйүн Откеев

Тасмадагы Айтолкун кичине кезинде ата-энесинен ажырап, жаштыгын кайдигерлик менен өткөрөт. Айрым адамдардын мамилесинен жапа чегип, таарынычын айланасындагы адамдардан чыгарат. Бир күнү балалык сүйүүсү Эрланга кезигип, жашоого болгон мамилеси өзгөрөт. Бирок Айтолкундун мурдагы каталары аны оңой менен коё бербейт. Чыныгы маселе мына ошондо башталат. Айтолкун бактылуу өмүр сүрүү үчүн кандай жолду басып өткөнүн тасмадан көрүүгө болот.

Смотрите также