Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун кайым айтышуусу күчөдү. Жапаров Атамбаевди энергетикадагы коррупция үчүн айыптаса, Атамбаев бул ирет президентти “сөз эркиндигин чектеди” деп сындап, бир топ дооматтарды койду. Чүйдө Кыргызстан менен Кытай жарандарынын мушташы өлкөдө жүргөн кытайлыктарга каршы маанайды күчөттү. Бийлик жарандарды чагымга алдырбоого чакырууда. Украинанын Харьков облусундагы Балаклея шаарынын борборуна жасалган ракеталык сокку бир нече адамдын өмүрүн алды. Жараат алгандардын арасында балдар бар. #бүгүназаттыкта #азаттык #атамбаев #жапаров _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram - / azattyk.kg / azattykmedia Фейсбук - / azattyk.org / azattyk Ютуб -
https://www.youtube.com/channel/UCs_x... Телеграм -