"Кулдай кылып коркутуп алган". Ноокатта милиционерлер жетекчисинин үстүнөн арызданды

Ноокаттагы Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн жалпы кызматкерлери РИИБдин начальниги Талгат Өскөналиевдин үстүнөн арызданып чыкты. Алар "айына 25 кылмыш ишин ачасыңар" деген таллап койгонун, "министрдин өкүл баласымын" деп мыйзамсыз иштерге мажбурлаганын айтууда. Ал эми аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы Тимур Абдисатар уулу Өскөналиев милиционерлерди 40 күн курулушка иштеткенин, "министрдин айылдаш инисимин" деп кагып-силкип кулдай кылып коркутуп алганын айтууда. Ал начальникти кызматтан алууну суранып президентке жана УКМК башчысына кайрылды. Ал эми ИИМ бул маселени териштирүү үчүн атайын комиссия Ноокатка чыгып кеткенин билдирди.

Смотрите также