«Ош-Сити» комплекси текшерилет. Президент жиберген адамдар Ошко келишти

Ош шаарынын мэри, президент “Ош-Ситинин” курулушу боюнча комиссия түзгөнүн айтты Президент Садыр Жапаров “Ош-Сити” шаарчасынын курулушу боюнча комиссия түздү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев аталган шаарчадан батир алган адамдар менен жолугушууда билдирди. Интернетке тараган видеодо Токторбаев шаарчанын курулушун көрүү үчүн Ошко Бишкектен Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев келип кеткенин айткан.

Смотрите также