Бишкек арена курулушу бүткөндө кандай болот?

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы бир катар стратегиялык маанилүү инфраструктуралык объектилердин курулушунун жүрүшүнө жана сапатына жеке баа берүү максатында таанышты. Курулуш объектилери менен таанышуунун акыркы чекити курулуп жаткан Д.Өмүрзакова атындагы стадиондун Кичи аренасына баруу болду. Мэрдин айтымында, стадион 5 миң көрүүчүгө ылайыкташып, имараттын жалпы аянты 15 миң 452 чарчы метрди түзөт. Имарат эки кабаттан жана унаа токтотуучу жай менен жер төлөдөн турат. Бул Кичи арена спорттук мелдештерди гана эмес, концерттерди, көргөзмөлөрдү жана башка маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн да арналган көп функцияналдуу аянтча катары иштелип чыккан. Учурда металл конструкцияларын монтаждоо, металл элементтерин ширетүү, тышкы инженердик тармактарды куруу, канализация жана газ куурларын тартуу иштери жүрүп жатат. Адылбек Касымалиев таанышуу ишинин жыйынтыгын чыгарып жатып, бардык объектилердин курулушун өз убагында жана сапаттуу бүткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. "Бул долбоорлорду ишке ашыруу Бишкектин келечегине инвестиция болуп саналат. Алар экологиялык абалды жакшыртууга, спортту өнүктүрүүгө, ыңгайлуу шаар чөйрөсүн түзүүгө жана жарандарыбыздын жашоо сапатын жакшыртууга салым кошууда", - деди ал. Ал борбор калаанын мэрине жана Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине аткарылган иштердин сапатына жана курулуш мөөнөттөрүнүн сакталышына көзөмөлдү күчөтүүнү, ошондой эле бюджеттик каражаттарды сарптоодо ачык-айкындуулукту камсыздоону тапшырды.
*** Председатель кабинета министров - руководитель администрации президента Адылбек Касымалиев совершил рабочую поездку по Бишкеку, чтобы лично оценить ход и качество строительства ряда стратегически важных инфраструктурных объектов. Завершающим пунктом рабочей поездки стало посещение строящейся Малой арены стадиона им. Д. Омурзакова. Мэр сообщил, что стадион рассчитан на 5000 зрителей, а общая площадь объекта составляет 15 452 квадратных метра. Здание будет включать в себя два этажа и подвальное помещение с парковкой на 50 автомобилей. Арена спроектирована как многофункциональная площадка, предназначенная не только для спортивных соревнований, но и для проведения концертов, выставок и других культурных мероприятий. В настоящее время ведутся работы по монтажу металлоконструкций, сварке металлических элементов, строительству наружных инженерных сетей, прокладке канализационных и газопроводных труб. Адылбек Касымалиев, подводя итоги рабочей поездки, подчеркнул важность своевременного и качественного завершения строительства всех объектов. «Реализация этих проектов – это инвестиции в будущее Бишкека. Они способствуют улучшению экологической ситуации, развитию спорта, созданию комфортной городской среды и повышению качества жизни наших граждан», – заявил он. Он дал поручение мэру столицы и Министерству архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства усилить контроль за качеством выполняемых работ и соблюдением сроков строительства, а также обеспечить прозрачность расходования бюджетных средств.

Смотрите также