30.10.2025 Күндеми | Кечки чыгарылыш || Регион ТВ

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын кезексиз шайлоого даярдык көрүү алкагында Борбордук шайлоо комиссиясы өткөрүп жаткан тесттик аралыктан добуш берүү процессинин жүрүшү менен таанышты; КЫРГЫЗСТАНДА 2030-ЖЫЛГА ЧЕЙИН НЕГИЗГИ КАПИТАЛДЫК ИНВЕСТИЦИЯЛАР 50 %ГА КӨБӨЙТҮЛӨТ. Бул тууралуу бүгүн, Бишкекте өткөн “Улуттук өнүктүрүү форуму - 2030” да айтылды; Манас шаарында алгачкы жолу КМШга мүчөмамлекеттердин Чек ара аскерлеринин колбашчыларынын кеңешинин 91-отуруму өттү. Ага сегиз мамлекеттин чек ара кызматтарынын өкүлдөрү катышты; Сокулук районунунун “ВОССТ-2” конушунда жаңы 750 орундуу заманбап мектептин, 120 орундуу бала бакчанын жана сейил бактын курулушуна старт берилди. Ага УКМК төрагасынын орун басары генерал-майор Курманбек Авазов капсула салды; Манас шаарында №2 саркынды сууларды тазалоочу жаңы жай пайдаланууга берилди. Станция суткасына 20 миң куб метр саркынды сууну тазалоого мүмкүнчүлүгү бар; “Ариет” балдардын чыгармачылык борборунун жаңы заманбап имараты ачылды. Борбордо 25 ийрим боюнча билим берүү уюштурулуп, учурда 1 300 окуучу билим алууда. ------------------------------------------------------------------ Официальный сайт:
REGION TV @ Instagram   / regiontvkg   REGION TV @ Facebook   / regiontvkg   REGION TV @ Одноклассники https://ok.ru/region.kyrgyzstan
REGION TV @ Телеграм

Смотрите также