Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 16-октябрда саат 22:00гө берген маалыматына караганда, эки күн мурда Чаткалдагы Ак-Сай тоосундагы кар көчкүдөн улам кар алдында калган алты адам изделүүдө. Маалыматта 9-октябрда тоого эндик өсүмдүгүнүн тамырын казып алууга кеткен боюнча 14 адам кайра үйлөрүнө кайтып келген эмес. Бул тууралуу Каныш-Кыя айылынын тургуну Курманбек Курманалиев 16-октябрда эртең менен Чаткал районундагы өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кабарлаган. Ушундан кийин издөө – куткаруу иштери башталып, бүгүн саат 14:00дө эки адам Коргон-Сай айылына жакын жерден, дагы алты адам Кум-Бел ашуусунан ашкан тараптан аман - эсен табылган. Алар тоодо кар көчкү жүргөнүн айтышкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алты жаранды кар астынан чыгаруу иштери эртең уланарын кошумчалады. _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram - / azattyk.kg / azattykmedia Фейсбук - / azattyk.org / azattyk Ютуб -
https://www.youtube.com/channel/UCs_x... Телеграм -