"Айтматовдун чыгармалары - кыргыз тасмасында"

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемеси тарабынан уюштурулган «Ч.Айтматовдун чыгармалары – кыргыз тасмасында» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Улуу калемгердин чыгармачылыгына арналган бул кечеде окурмандардын жүрөгүнө жол тапкан тасмалардан үзүндүлөр, көркөм номерлер тартууланды. ⠀ Биздин “Креатив-Таалим” Билим берүү комплексинин таланттуу окуучулары Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан алынган эпизоддорду сахналаштырып, залда отургандарга улуу мурасты жүрөгү менен сезүүгө мүмкүнчүлүк беришти. Иш-чарада адабият менен искусствонун айкалышы аркылуу муундан муунга өткөрүлө турчу руханий дөөлөттүн байланышы көрсөтүлүп, жазуучунун чыгармаларынын тереңдиги, кыргыз искусствосундагы көөнөргүс орду дагы бир ирет бекемделди. #креативтаалим #креативтаалиммектеп #школыбишкека #кыргызстан #айтматовдунчыгармалары

Смотрите также