ЭЛ ИЧИ - ӨНӨР КЕНЧИ

Калк арасында улуттук баалуулуктарды улаган түркүн өнөрлөрдүн ээлери бар. Алардын бири Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагына караштуу Кызыл-Бирлик айылынын тургуну Чубак Мамыкеев. Ал сейрек кездешүүчү өнөр болгон ээр чаап, ат жабдыктарын жасайт. Жана дыйканчылык менен алектенет. Көп убактысын камчы жасоо, териден өрмө өрүү менен өткөрөт. Анткени буйрутмалар көп келет - дейт ал. Уста бул өнөрүн кийинки муундарга калтырып, келечекте уланышын каалайт.Эмгекчил аксакал багбанчылыктын сырын да жакшы билет. Ал чакан огородуна бүлдүркөн өстүрөт. Жыл сайын эрикпестен көчөттөрүн жаңылап мол түшүм алуунун аракетин көрөт. Мындан тышкары, үйүнөн алыс эмес үлүш жеринде кулпунай талаасын куруп, учурда аны менен да алектенип жатыптыр.

Смотрите также