ТОПОЗ БАККАН ТОЗБОЙТ, ЭТИН ЖЕГЕН АРЫБАЙТ

Аба ырайынын катаал шартын оңой көтөргөндүктөн топоздор бийик тоону байырлашат. Бийик коктуда кышкысын 50 градус суукка чыдаса, жайында не бир сонун өсүмдүктөрдүн түрүн жеп кубат топтошот. Алар оттогон тоо канчалык бийик болсо, ал жердин чөбү ошончолук кыска жана маңыздуу келет. Дал мына ушул Арпа жайлоосу топоздорго ошондой жайлуу жер. Арпа деп аталып калганынын себеби да чөбүнүн арпа сыяктуу дандуу, тоюттуу болгондугунан.

Смотрите также