Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
“Уулумдун табарсыгы жарылып, өпкөсүнө суу толуп кетиптир” дейт аскерде сабалган жигиттин апасы
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө аскерге чакырылган жоокер сабалды. Бул окуя боюнча биздин редакцияга анын үй-бүлөсү кайрылды. Биздин чыгармачыл топ учурда жоокер дарыланып жаткан ооруканага барып жоокерден кабар алды. 2002-жылы туулган жоокер Бекзат Эсенбаев 2021-жылдын ноябрь айынан бери Беловодское айылындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөп келгенин жана ал жакта кызмат өтөө учурунда сабалганын айтты.