Фархат Ажы Юсупов жана Абай Турдубаев: Жүрөк эмнелер менен азыктанат?

Ассалому алейкум, урматтуу биздин көрүүчүлөр! Бүгүн бизде конокто дин даануучу, Аалымдар кеңешинин төрөгасынын орун басары Фархат ажы Юсупов. Дагы бир уникалдуу коногубуз кардиохирург, медицина илимдеринин кандидаты Турдубаев Абай. Адатта жүрөктүн согуу ритми, ыргагы жана эсенчилиги бүткүл организмге кандай таасир этсе, "руханий жүрөк" да дал ошондой таасир этет. Жүрөк таза, аман-эсен болсо руханий жашообуз да саламатта, Алла Таала менен байланышыбыз да күчтүү болот. Ошондой эле, жүрөктө башталган кандайдыр бир бузулуу, деформация – руханиятыбызды, адеп-ахлагыбызды дагы бузат.  Бүгүнкү подкастта жүрөк жана анын аткарган ролу, адам жана нафс, нафс менен болгон күрөш туурасында кеңири маек курдук. Сиздерге бул тасма жагарына жана сиздер үчүн пайдалуу болоруна ишенебиз. Эгер сизге пайдалуу болсо, башкалар менен бөлүшүп, ой - пикир калтырып кетүүнү унутпаңыз. Биз бул выпускттун астында 2 эң мыкты комментарийди тандап, белектерибизди беребиз 🙌 Сиздерди терең урматтоо менен подкасттын алып баруучусу Денис Пышкин жана Нурсултан Майназаров болду. Подкасттын башкы өнөктөшү, Нурзаман курулуш компаниясына терең ыраазычылык билдиребиз! @nurzaman_bishkek Даамдуу достор: @dodopizzakg Локация: @dogtas.kg

Смотрите также