Чет өлкөлүктөрдүн сабалышы: Кыргызстан канчалык коопсуз? | АРАЙ КӨЗ ЧАРАЙ

18-майга караган түнү Бишкекте Кыргызстандын жарандары чет өлкөлүк студенттердин жатаканасына кирип барып, ал жерде жашагандарды ур-токмокка алган. Бул окуядан жалпы 29 киши жабыркап, азыр үч чет элдик оорканаларда дарыланууда. Пакистандын элчилиги 14 жараны жабыркаганын ырастады. Бул окуя эмне себептен келип чыкты, укук коргоо органдары кандай иштешти, мындан аркы Кыргызстандын эл аралык коомчулук алдындагы кадыр-баркы кандай болот? Бүгүн темабыз ушуга арналат. Студиябызда Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Арлен Алиясов, Пакистандык студенттердин Кыргызстандагы биримдигинин өкүлү Мухаммад Умар Шакил жана эксперт Эржан Кайыпов. Талкууну Кубат Оторбаев алып барат. #пакистан #арайкөзчарай #кыргызстан #четөлкөлүк _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм -

Смотрите также