Бишкектеги №72 мектептеги токмоктон каза болгону кабарланган окуучунун өлүмүн шаардык милиция териштире баштады. Баланын ата-энеси мектептин жетекчилигин, өспүрүмдөр менен иштеген инспекторду да жоопко тартууну талап кылууда. Алар баланын токмоктолгонун жашыруу аракетин көргөн деп шек санашат. Ал арада Оштун Кара-Суу районундагы мектепте да мушташ чыгып, 9-класттын окуучусу ооруканада көз жумду. Окуя катталган эки мектепте тең жетекчилери кызматтан алынганы белгилүү болду. #кыргызстан #зомбулук #рекетчилик _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram - / azattyk.kg / azattykmedia Фейсбук - / azattyk.org / azattyk Ютуб -
https://www.youtube.com/channel/UCs_x... Телеграм -